Биринчи май районунда Пробация кеңешинин кезектеги жыйыны   өттү.

Пробациянын кардарларына жардам көрсөтүү маселеси бүгүнкү күндө бүтүндөй коом үчүн актуалдуу жана маанилүү, алар бардык багыттар боюнча жардамга жана колдоого муктаж.

Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын имаратында Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын орун басары Айнура Арстамбекова, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Рейна Султанмуратова, юридикалык топтун, пробация бөлүмүнүн, №3 ҮМБнын, ишке орноштуруу борборунун, РИИБдин жана МАБдардын өкүлдөрү, пробация кардарларынын 3 суроосун жана 2 материалын карап чыгышты.

Пробациянын кардарлары боюнча 2023-жылдын 3-кварталына  карата маалымат берилип, андан соң социалдык адаптация, реабилитациялоо, билим берүү, ишке орноштуруу, медициналык тейлөө, социалдык мекемелерге жайгаштыруу, документтерди калыбына келтирүү, кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери талкууланды. Ошондой эле, пробация кеңешинин мүчөлөрү тарабынан автоматташтырылган маалымат системасы (АИС) "Пробацияны" ишке киргизүү жана колдонуу боюнча маселелер талкууланды.

Андан ары пробациянын кардарлары боюнча 2 материал каралып: жаран А.Н.К. «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алууга арызын тапшырган, ошондой эле жаран А.Д.С.нын паспорт алуусуна көмөк көрсөтүлөт.

Биринчи май районунун аймактык органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана компетенциясынын чегинде бардык зарыл болгон жардамдарды көрсөтүү тапшырылды.

Бекитилген планга ылайык, Биринчи май райондук пробация кеңешинин отуруму ар чейрек сайын бир жолу өткөрүлөт.

Маалымдама: Пробация – шарттуу жазанын түрү, мында сот тарабынан белгиленген сыноо мөөнөтүнө соттолгон адам атайын органдардын көзөмөлүнө коюлган.

Пробация төмөнкүдөй каралышы мүмкүн:
- жазык жазасынын түрү;
- альтернативдик жазаны аткаруу системасы;
- кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча чара;
- соттолгон адамды реформалоо процесси;
- социалдык-укуктук көзөмөлдүн формасы.

Пробация тергөөдө жаткан адамдын же соттолгондун жүрүм-турумуна, сот тарабынан ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруусуна көз салуудан, анын жүрүм-турумун оңдоодон, коомго адаптациялоого көмөк көрсөтүүдөн жана анын кайталанма кылмыштарды жасоосуна бөгөт коюудан турат.