Свердлов акимиатынын жыйындар залында Свердлов райондук прокуратурасынын демилгеси менен жашы жете электердин арасында укук бузууларды, зомбулукту жана кылмыштуулукту алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча кеңешме болуп өттү.
Жолугушууга Бишкек шаарынын Свердлов районунун башчысы, прокурору, Свердлов районунун ИИБ башчысы, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматынын башчысы, Свердлов району боюнча МСКБнын башчысы, Свердлов райондук СӨБ башчысы, Свердлов райондук билим берүү борборунун директору, МАБнын начальниктери ж. б. катышышты.
Свердлов районунун прокурору Тагаев Рустам Касимовичтин, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматынын башчысы Бекбоо уулу Арлендин жана Свердлов райондук ИИБнын башчысы Мамытов Арлен Асанбековичтин баяндамалары угулду.