Жетекчиликтин тапшырмасы боюнча муниципалдык администрациянын жана МАБдын адистери күн сайын социалдык маанидеги товарларга болгон (ун, нан, сүт ж.б.) бааларды көзөмөлдөп турушат.

Бүгүнкү күндө төмөнкү чекене соода түйүндөрүндө: «Глобус» соода борборунда, «Азия» соода борборунда, «Народный» соода борборунда, ошондой эле Аламүдүн жана «Ак-Эмир» базарларында ун жана нан азыктарына баанын жасалма түрдө көтөрүлүшү аныкталган эмес.

Муниципалдык администрация райондун тургундарын социалдык маанидеги товарлардын баасы мыйзамсыз көтөрүлүп жаткан фактылар боюнча 0312-53-13-51 телефону аркылуу билдирүүгө чакырат.