«Олимп» олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучусу Эрлан Шеров дзюдо боюнча Азия оюндарынын чемпиону болду.
90 кг салмактагы таймаштын финалында 2022-жылдын Дүйнө чемпиону Өзбекстандык дзюдочу Давлат Бобоновго каршы чыгып, ишенимдүү жеңишке жетишти. Муну менен Эрлан Шеров Азия оюндарынын чемпиону болуп, бул оюндарда Кыргызстанга алгачкы алтын медалды алды.
Буга чейин Эрлан Шеров Кытай, Ливан жана БАЭнин спортчуларын жеңген.
Белгилей кетсек, Азия оюндары 2023-жылдын 23-сентябрынан 8-октябрына чейин Ханчжоу шаарында жана Кытайдын беш шаарында өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 45 өлкөсүнөн 12 500гө жакын спортчу катышууда.