«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Фучик көчөсүндөгү бордюрларды сырдоо, жаракаларды толтуруу, жол сызыктарын түшүрүү жана аялдама комплекстерин орнотуу боюнча кызуу иш алып барууда.
Фучик көчөсү менен «Аска-Таш» мемориалдык комплексинен мамлекеттик резиденцияга чейин ШКУнун картасына ылайык, Жаш Гвардия бульвары жана Чүй проспектиси, ошондой эле Жибек-Жолу жана Манас проспектилери боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Ошентип, ишкананын кызматкерлери эски таман таштарды алып, жолду 220 погон метрге кеңейтүүдө. Жол сызыктары жаңыланууда: жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөр, токтоо линиялары, түз жана үзүлгөн линиялар. Ошондой эле, зарыл болгон учурда жол белгилери жаңыланып, мамылар сырдалат.
Фучик көчөсүнүн «Аска-Таш» комплексинен Жибек-Жолу проспектисине чейин жолдун эки тарабында бордюр сырдоо иштери аяктап, жаракаларды толтуруу иштери башталды. Андан кийин ишкананын кызматкерлери Жибек-Жолу проспектиси Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин жаракаларды толтурууга киришет.
Ошондой эле, ишкана тараптан Фучик көчөсүн бойлой Жибек-Жолу проспектиси Ленская көчөсүнө чейин 180 даана темир бетон тосмолор демонтаждалган.
Белгилей кетсек, Чүй жана Жибек-Жолу проспектилеринин ортосундагы Фучик көчөсүн бойлой 4 аялдама комплекси жаңы айнек аялдамага алмаштырылууда. Бүгүнкү күндө 4 аялдама тең демонтаждалып, анын экөөсүндө бордюр орнотуу жана асфальт төшөө үчүн даярдоо иштери жүрүп жатат.
Урматтуу шаардыктар! Жол тыгынын болтурбоо үчүн 2023-жылдын 5-октябрына чейин альтернативдүү жолдорду колдонуңуз.