Кызамык жана кызылча ооруларын алдын алуунун алкагында үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда профилактикалык эмдөөлөр жүргүзүлүүдө.

Биринчи май районунун акиминин орун басары Айнура Арстамбекова №7 балдар борборунда болуп, эмдөө бөлмөсүн көрүп чыгып, ата-энелер менен баарлашты.

Муну менен бирге медайымдар балдарды эмдөө боюнча маалыматтык кампанияларды үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышканын билдирди.

Мындан тышкары, А.Арстамбекова массаж бөлмөсүндөгү полду төшөө, оңдоо иштеринин жүрүшү, ишти өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү боюнча подрядчынын көрсөтмөлөрү менен таанышты.

Ушундай эле текшерүүлөр уланууда.