“Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу” боюнча бир айлыгынын алкагында билим берүү мекемелеринде жарандык коргонуу боюнча машыгуулар өтүүдө.
Алсак, № 101 жана 24 мектептерде 3500дөн ашык окуучу жана 80 мугалим катышты. Машыгуулар эвакуациялоо планына ылайык жүргүзүлүп, авариялык жана негизги чыгуулар колдонулган.
Биринчи май райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн аскер кызматкерлери коопсуздук чаралары жана биринчи өрт өчүрүүчү шаймандар менен иштөө, ошондой эле биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча көрсөтмөлөрдү беришти.
Ошону менен бирге 25-сентябрда №4 өрт өчүрүү бөлүмүндө “Жаш куткаруучу” мелдеши өтүп, №28, 41, 54, 61, 78, 83 мектептердин командалары күч сынашты.
Балдар өрт өчүрүү, ар кандай кырсыктарда жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча тапшырмаларды аткарышты.
Жыйынтыгында 1-орунду №54 мектеп, 2-орунду №78 мектеп, коло медалды №83 мектеп ээледи.
Бул иш-чаралар райондун бардык аймактарында өтөт.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы №225 токтомуна ылайык, 5-октябрь «Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү» деп жарыяланган.
Урматтуу шаардыктар! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!