Оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндарына катышышты.
Ошентип, спорт мектебинин тарбиялануучулары оор атлетика боюнча 5 медалга ээ болушту.
68 килограммдан жогорку салмактык категорияда Бакыт Нурдинов 2-орунду, Рыскелди Алишеров 3-орунду ээледи. Элдияр Шатманов менен Адил Абдыжапаров 85 килограммга чейинки салмак категориясында коло медаль тагынды. Ошондой эле ардагерлер арасында 85 килограммга чейинки салмак категориясында Василий Кулешов 3-орунду ээледи.
Белгилей кетсек, мелдеш 2023-жылдын 10-сентябрынан 18-сентябрына чейин Ысык-Көлдүн жээгинде «Азия-шериктештик жана тынчтык аймагы» урааны менен өттү. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан, ошондой эле Кытай, Россия жана Казакстандан келген спортчулар катышты.