Мэрдин орун басары  Нурдан Орунтаевдин катышуусунда

Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы менен биргеликте көчмө жыйын өткөрүлүп, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Замирбек  Парманкулов тарабынан муниципалдык имаратты  мыйзамсыз пайдаланып жаткандыгы аныкталды.  

Бүгүнкү күндө Рабочая көчөсү 11б дарегинде жайгашкан  муниципалдык имараттарды бошотуу иштери жүрүп жатат.

2023-жылдын 6-апрелиндеги келишимге ылайык,  Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тиешелүү Рабочая көчөсү, 11Б дарегинде жайгашкан 0,517 га муниципалдык жер тилкеси, андагы  муниципалдык бала бакча комплекси,  мамлекеттик мүлк  Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине тиешелүү  Кийизбаев көчөсү, 206 дарегинде   1,516 га түзгөн иш жүзүндөгү имараттары  менен алмашуу жүргүзүлгөн.