Октябрь райондук администрациясынын башчысынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары Айбек Алыйманов түштүк жаңы конуштардагы үйлөрдүн газга кошулуусун текшерүүдө.
Жогорку Көк-Жар конушундагы долбоор 207 үйдү камтыйт.
7-апрель көчөсүнөн жер алдынан газ түтүгүн тартуу иштери аяктады.
Учурда газ түтүктөрүнө түркүктөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, № 6 МАБ «Империал» ЖЧКсы, «Вектор Союз» ЖЧКсы, «Азия Строй Логистикс» ЖЧКсы жана «Орион Строй» ЖЧКлары менен биргеликте газга туташуу боюнча тургундардан арыздарды кабыл алууда.
Өз кезегинде кызматкерлер арыз боюнча барып, өлчөөлөрдү алып, газга кошуу үчүн сметаны түзүшөт.