Бишкек шаарында мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев менен «Киркомстром» конушунун тургундарынын ортосунда муниципалдык аймакка спорт комплексин, мектеп, сейил бак куруу маселеси боюнча жолугушуу   өттү.

Жыйынга Ленин районунун акиминин орун басары Бакыт Караев, Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Уран Мусаев, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин башчысынын орун басары Азамат Кадыров катышты.

Жолугушуу “Киркомстром” конушунун түштүк-батыш тарабында жайгашкан 2,7 гектар жер тилкесинде эс алуу паркын куруу өтүнүчү менен уюштурулган.

МААЛЫМАТ: Бул жер тилкеси 2005-жылы жеке адамга 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилген. 2021-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы ижара келишимин бузуу боюнча сотко кайрылган. Соттун чечими менен 2,7 гектар жер тилкеси мэрияга кайтарылган.

Шаар тургундары менен жолугушууда мэрдин орун басары жер тилкеге спорт комплексин, мектеп жана эс алуу багын курулушу боюнча пландалып жатканын белгиледи. Нурдан Орунтаев «Биз ар дайым жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даярбыз. Алгач ишембилик өткөрүп, аймакты тазалайлы. Объекттердин алдын ала эскиздик долбоору “Бишкекбашкыархитектура” тарабынан даярдалат. Инвестициялык маселе чечилсе, 3 жылдын ичинде бул объектилерди курууну пландап жатабыз”,-деди.