Ленин районуна караштуу №77 жалпы орто билим берүү мектебинде, 23-сентябрь-Мамлекетик тил күнүнө арналган "Урпактардан уланган  кыргыз тили, кыргыз журтун кыргыз кылган эне тили" деген аталыштагы иш-чара болуп өттү.

Иш чарага Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев, башчынын орун басары Айзада Джунусова жана райондук билим берүү башкармалыгынын директору Таалайгуль Темирканова чакырылып, күбө болуп кетишти.

Иш-чаранын негизги максаты мамлекеттин тилин, дилин, кыргыздын учкул сөздөрүн, акын жазуучуларыбыздын жүрөктүн түпкүрүнөн чыгып, кагаз бетине түшүрүлгөн ырларын, кыргыздын негизги аспабы болгон комуз күүлөрүн, улуу Манас эпосун окуучуларга жайылтуу.  

Иш-чара мектептин жыйын залында өткөрүлдү. Жыйын залында атайын комуз, көөкөр, боз үйдүн макеттери, кийизден жасалган кыргыз элинин жашоо -шарты камтылган буюмдар илинди. Окуучулардын өзүлөрү чыгармалардан алып тарткан сүрөттөрү, Мамлекеттик тил күнүнө арналган дубал-гезиттер, учкул сөздөр 5-11-класстары тарабынан даярдалып, там бооруна тагылды.

Окуучулар менен, мугалимдер биргеликте кыргыз тилине, кыргыз элине арналган ыр-күүлөрдү аткарып, Манас айтып майрамдык маанай тартуулашты.

Келген коноктор иш -чара жогорку деңгээлде өткөнүн айтышып, мектептин администрациясына ыраазычылык билдиришти.