Борбор калаада Москвада өткөн XXII Олимпиада оюндарынын марафондук чуркоо боюнча коло байге ээси Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган Бишкек жарым марафону өттү.

Иш - чараны мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин полиция маселелери боюнча кеңешчиси Константин Бедарев жана марафончу Сатымкул Жуманазаровдун уулу Руслан Жуманазаров ачты.

Жарым марафонго 1500дөн ашык жөө күлүк катышты. Анда Кыргызстан, Беларусь, Азербайжан, Германия, Италия, Россия, Казакстан, Түркия, Түркмөнстан, Украина, Өзбекстан, Канада, Греция, Чехия жана АКШ сыяктуу өлкөлөрдөн келишти.

Жарыштын катышуучулары 21,1 чакырым, 10 чакырым (чуркоо жана басуу) жана 3 чакырым аралыкты басып өтүштү. Ошондой эле балдар үчүн 1 чакырымдык жол уюштурулуп, эң кичинекейлер  ата-энеси менен бирге чуркай алды.

Бардык катышуучулар жана күйөрмандар үчүн артисттер менен музыканттардын катышуусунда бай шоу-программа уюштурулуп, иш-чаранын өнөктөштөрү тарабынан түрдүү сынактар өткөрүлдү. Маршрут боюнча бардык күлүктөр үчүн ичүүчү таза суу менен тамактануу пункттары да уюштурулган.

Белгилей кетсек, жарым марафондун уюштуруучулары: Бишкек шаарынын мэриясы, КРнын Жеңил атлетика федерациясы, «Эл аралык марафондун дирекциясы» коомдук бирикмеси жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти.

Спорттук мелдештин жыйынтыгы боюнча 1-3-орундан 21,1 жана 10 км аралыкта жеңүүчүлөр атайын медалдар, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Ошентип, 21,1 км аралыкта абсолюттук категорияда эркектер арасында жеңүүчүлөр:
- Nodirbek Mutalipov (1-орун);
- BEKZOD BOYMATOV (2-орун);
- Mikhail Kulkov (3-орун).

21,1 км аралыкта абсолюттук категорияда кыз-келиндер арасында жеңүүчүлөр:
- Sitora Khamidova (1-орун);
- Svetlana Kudzelich (2-орун);
- Gulshanoi Satarova (3-орун).

Ошондой эле, 10 км аралыкта абсолюттук категорияда эркектер арасында жеңүүчүлөр:
- Aleksandr Salakhudinov (1-орун);
- Elaman Abylabekov (2-орун);
- Mukhamadkodir Soatov (3-орун).

10 км аралыкта абсолюттук категорияда кыз-келиндер арасында жеңүүчүлөр:
- Aigerim Abdenbaeva (1-орун);
- Aleksandra Cherkas (2-орун);
- IANA AKHMETOVA (3-орун).