“Эң жакшы короо”, “Эң жакшы квартал” жана “Бишкек шаарынын мыкты муниципалдык аймактык башкармалыгы” кароо сынактарынын жеңүүчүлөрүн аныктоо максатында комитет кичи райондордун иши менен таанышты.
Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азиз Садырбеков жана комиссиянын мүчөлөрү Ленин жана Биринчи май райондорун кыдырып, кварталдардын иши менен таанышты.
Баалоо комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир критерий боюнча 0дөн 5 баллга чейинки баллдык система боюнча жүргүзүлөт. Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө сыйлыктар ыйгарылат.
Сынактын экинчи этабынын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырылат.
Эскерте кетсек, “Эң жакшы короо” сынагы 1991-жылга чейин пайдаланууга берилген үйлөр жана 1991-жылдан кийин пайдаланууга берилген үйлөр болуп, эки номинация боюнча өткөрүлөт. Бишкек шаарынын ТЖМЭШ, ТЖКК, ТЖЭК, ТЖЭӨК, ошондой эле үй комитеттери катышат. “Эң жакшы квартал” сынагына Бишкектин райондук комитеттери катышууда.
“Эң жакшы короо” сынагынын байге фонду 460 миң сомду түзүп, төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- 1-орун – 100 миң сом, орундардын саны – 2;
- 2-орун – 80 миң сом, орундардын саны – 2;
- 3-орун – 50 миң сом, орундардын саны – 2.
“Эң жакшы квартал” сынагынын байге фонду 300 миң сомду түзүп, төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- 1-орун – 130 миң сом, орундардын саны – 1;
- 2-орун – 100 миң сом, орундардын саны – 1;
- 3-орун – 70 миң сом, орундардын саны – 1.
Урматтуу шаардыктар! Сынак Бишкек шаарынын тургундарынын демилгелерин колдоо жана шаарды санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана өнүктүрүү боюнча иштерди аймактык деңгээлде уюштурууга багытталган, муниципалитеттин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында өткөрүлүүдө.