Күн сайын таңкы саат бештен баштап «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын  көчөлөрүн жана ирригациялык тутумдарды тазалоо, көчөлөрдү жууп тазалоо  иштерин жүргүзөт.


Бүгүн, 19-апрелде Октябрь районунда – 98 короо шыпыргыч, Биринчи май районунда – 156 короо шыпыргыч, Свердлов районунда – 122 короо шыпыргыч жана Ленин районунда 145 короо шыпыргыч  ишке тартылды.


Эскерте кетсек, «Тазалык» муниципалдык ишканасы бригадалык иштөө ыкмасына өткөн.