Спорттун улуттук түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде Бишкек мэриясынын колдоосу менен бел боо күрөшү боюнча мастер-класс өттү.
Окуу иш-чарасы тренерлер Эсенбек уулу Тамчы, Бей-Барс Анарбеков жана Нурбек Кожобековдун жетекчилиги астында өттү. Мастер-класска 30 спортчу катышты. Аларга атайын көнүгүүлөр көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, мындай иш-чараларды өткөрүүнүн максаты спорттун аталган түрүн жайылтуу болуп саналат. Бел боо күрөшү-адамдарды бириктирген, физикалык жана руханий жактан өнүгүүгө жардам берген асыл мелдеш.
Маалымдама: бел боо күрөшү — бул эки атаандаш өнөктөшүнүн белинен кармап, бири-бирин кулатууга аракет кылган контакттык спорт.