Борбор калаада спорттук күрөш боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен балдар жана өспүрүмдөр үчүн самбо боюнча мастер-класс өттү.

Окутуу иш-чарасы СССРдин спорт чебери Виталий Архиповичтин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Артур Петровичтин жетекчилиги астында өттү.

Белгилей кетсек, залда 20 адам болгон. Спортчуларга тик турууда жана жерде ар кандай ыкмалар көрсөтүлүп, кулап түшүүдөн коргоо көрсөтүлдү.