Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин директору Курманбек Молдокуловдун төрагалыгынын алдында Бишкек шаарында экономиканын байкалбаган секторунан ишкердикти алып салуу боюнча Жол картасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү.
Жол картасын иштеп чыгуу Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 8-июлундагы №118 токтому менен бекитилген 2022-2024-жылдарга Бишкек шаарында ишкердикти колдоо программасын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын алкагында жүргүзүлүүдө.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Экономикалык саясатты изилдөө институтунун, Кыргыз Республикасынын стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын эксперттери, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек финансы башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Бишкек шаардык статистика башкармалыгынын, мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын райондор боюнча башкармалыктарынын, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук муниципалдык админстрацияларынын жана «Жеткирүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясы» ЮЖБ өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө жумушчу топтун мүчөлөрү 2021-2022-жылдарга муниципалитеттин бюджетинин киреше бөлүгүн талкуулап, жакынкы аралыктагы милдеттерди белгилешти.
Жыйындын соңунда Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин директору Курманбек Молдокулов экономиканын байкалбаган секторунун деңгээлин төмөндөтүүгө, муниципалдык органдардын ишинин ачыктыгын жогорулатууга жана Бишкек шаарынын бюджетин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берүүчү биринчи жолу иштелип жаткан бул документти иштеп чыгуунун маанилүүлүгү жөнүндө белгиледи.