Ак-Тилек-Турбаза конушунда тиешелүү документтери жок курулган өз алдынча чарбалык курулуштар жана тосмолор алынды. Алар газ түтүктөрүн тартууга тоскоол болгон.
Аталаган объектилер Бишкек шаарынын мэриясына караштуу жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан, МАБ жана Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда демонтаждалган.
Ошондой эле Свердлов районунда №43 (Мадина базары) жана №44 (Төмөнкү Төкөлдөш) кварталдарын газдаштыруу иштери уланууда. Бул жерге 11 километрден ашык газ түтүктөрүн орнотуу пландалууда.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Свердлов районунун 4 конушунда – Ак-Тилек, Ак-Тилек-2, Ак-Тилек-Турбаза жана Бакай-Ата конушунда газдаштыруу иштери уланууда.
Урматтуу жарандар, абанын булганышын олуттуу түрдө азайтуу максатында жылуулуктун альтернативдүү түрүнө өтүүнү сунуштайбыз.