Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков "Куруучулар Шаарчасы" кичи районундагы короо ичиндеги жолдорду капиталдык ремонттон өткөрүү процессин жана сапатын текшерип чыкты. Текшерүүгө "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын өкүлдөрү жана №19МАБ жетекчилиги катышты.

Кыдыруунун негизги максаты аткарылып жаткан иштердин сапатын көзөмөлдөө. Район башчысы жол куруудагы пайда болгон көйгөйлөрдү жолчулар менен талкуулап, аталган көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча №19 МАБдын кызматкерлерине тиешелүү тапшырмаларды берди.

Ошондой эле ал райондогу жолдордун абалы жашоочулардын жашоо сапатын жакшыртуу жана көрктөндүрүү маанилүү бөлүгү экенин баса белгиледи.