Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков канализациялык-насостук системаны орнотуу жана модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышуу үчүн "Учкун" конушуна барды. Маселелерди жеринен №19 МАБнын башчысы жана жооптуу кызматкер болуп карашты.
Текшерүүнүн негизги максаты- аткарылып жаткан иштердин сапатын текшерүү. Райондун башчысы жумушчулар менен иш процессин талкуулап, тапшырмалардын туура аткарылышын, ошондой эле мүмкүн болгон көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдорун карашты.
Белиглей кетсек, "Учкун" конушундагы канализациялык насостук система, жашоочуларга ыңгайлуу шарттарды камсыз кылат. Системанын туура иштеши саркынды суунун жогорку деңгээли жана пропорционалдуу эмес таштандылар менен байланышкан мүмкүн болгон көйгөйлөрдүн алдын алууга жардам берет.