24-сентябрда борбор калаада Москвада өткөн XXII Олимпиада оюндарынын марафондук чуркоо боюнча коло байге ээси Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган Бишкек жарым марафону өтөт. Буга байланыштуу жарыштын маршруту өтө турган көчө жабылат.

Саат 06:00дөн 10:00гө чейин Түштүк магистраль Чортеков көчөсүнөн 7 - апрель көчөсүнө чейин  жабылат.

Белгилей кетсек, ага ар кайсы өлкөлөрдөн кесипкөй спортчулар жана жөө күлүктөр катышат. Алар: 21 км 97 м, 10000 м, 3000 м, скандинавтык басуу: 10000 м жана 3000 м аралыктарга катышат.

Жарым марафондун уюштуруучулары: Бишкек шаарынын мэриясы, КРнын Жеңил атлетика федерациясы, «Эл аралык марафондун дирекциясы» коомдук бирикмеси жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти.

Урматтуу шаар тургундары, айдоочулар! Биз келтире турган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана маршрутуңузду алдын ала пландаштырууну суранабыз.