Свердлов районунун башчысы Максатбек Таштанбекович Чокан-Валиханов көчөсү менен Шабдан-Баатыр проспектисинин кесилишиндеги сквер жайгашкан жердеги иштин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында инфраструктура дагы жакшыртылат.


Азыркы учурда сквердин аймагында ирригациялык система орнотулган, ошондой эле тротуардын капиталдык курулушу жүргүзүлүүдө. 

Аянтта жагымдуу атмосфера түзүү үчүн ар кандай өсүмдүктөрдү отургузуу пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, быйыл Свердлов районунда төрт сквердин курулушу аяктайт.