Борбордун архитектуралык-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында Аска-Таш кире бериш комплексин жакшыртуу иштери уланууда.
Учурда 4 фонтанды оңдоо иштери жүрүп, таштанды челектерин орнотуу, бетон тосмолор, отургучтарды сырдоо жана эски таман таштардын ордуна асфальт төшөө иштири жүргүзүлүп, ошол эле учурда темир тосмонун сырлары жаңыланууда.
Реконструкциялоонун узундугу Фучик көчөсү менен Аска-Таш кире бериш комплексинен Клубный чолок көчөсүнө чейин созулат, узундугу 900 метр.
Рыскулов көчөсүнөн Мессарош көчөсүнө чейин тротуар куруу иштери жүрүп жатат, ошондой эле ирригацияларды төшөө, бордюрларды алмаштыруу, жаңы светодиоддорду орнотуу, коомдук транспорт аялдамаларын орнотуу, жашыл аянтчаларды уюштуруу пландалууда.