Бишкектиктер стимгранттар аркылуу районун жакшырта алышат.

Биринчи май району боюнча комиссиянын мүчөлөрү 7 арызды карап, 6 арыз канааттандырылган, анын ичинен 2 арыз электр мамычасын орнотуу, бир арызда үйдүн кире беришин оңдоо, фасадын оңдоо, короо ичине асфальт төшөө, 4 миллион сом өлчөмүндө чатыр оңдоо иштери камтылган.

Акимиат бул долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарын көзөмөлдөп, мониторинг жүргүзөт.

Белгилей кетсек, гранттар шаар аймагын жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоого жумшалат.

Программанын максаты - коомдук активдүүлүктү жогорулатуу жана борбордун турмушунун коммуналдык жана башка маселелерин өз алдынча чечүү жөндөмүн өнүктүрүү болуп саналат. Урматтуу шаардыктар! Грант боюнча кеңештерди райондук акимчиликтерден ала аласыз:

- Ленин району боюнча, Чүй проспектиси №315 дареги боюнча, тел: 0 312 65-68-78;
- Октябрь району боюнча, Байтик Баатыр көчөсү №17, тел: 0312 57 69 91, 57-66-11;
- Биринчи май району боюнча, Жибек-Жолу проспектиси №348, тел: 0312 325484;
- Свердлов району боюнча: Чүй проспектиси №28, тел: 0312 36-07-07, 0312 36-01-93.