Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясында билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева менен Санкт-Петербург шаардык билим берүү комитетинин төрагасы Павел Розовдун жолугушуусу   өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө мектеп окуучулары улуттук аспапта комузда ойноо, робототехника, чыгармачылык өнөрканада өздөрүнүн таланттарын көрсөтүштү.

Коноктор Аалы Токомбаев атындагы жана «Улуу Алтайдын түрк дүйнөсү: тарыхтагы биримдик жана көп түрдүүлүк жана азыркы заман» аттуу музей-бөлмөлөрүндө болушту.

Белгилей кетсек, бул жолугушуу тааныштыруу мүнөзүндө болуп, анда жемиштүү кызматташуунун мындан аркы пландары белгиленди.