Райондук акимчиликтерде укук бузуулар боюнча комиссиялар ишин улантууда.

Биринчи май акимиатында Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча  муниципалдык инспекциясы тарабынан түзүлгөн Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык беш протокол каралган.

Ошентип, «Гестест» ЖЧКсына карата 114-берене боюнча, «Петро Ресурс» ЖЧКсына карата 179-берененин 1-бөлүгү боюнча 13 000 сом өндүрүү боюнча комиссиянын токтому чыккан.

«Хеппи Текс» фирмасы 107-берененин 3-бөлүгүнө ылайык 5000 сом айыпка жыгылса, “Техник Трейд” ЖЧКсына 177-берененин 1-бөлүгүнө ылайык 17000 сом айып пул салынган.

Жалпысынан мыйзам бузуулар боюнча протоколдордун суммасы 48 000 сомду түздү.

Белгилей кетсек, укук бузуулар боюнча комиссиянын жыйыны жумасына бир жолу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана бекитилген комиссиянын жобосунун негизинде өткөрүлөт.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Санитардык нормаларды жана көрктөндүрүү эрежелерин сактоону суранабыз. Болбосо, инспекция менчигинин түрүнө карабастан протоколдорду түзөт.