Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тышкы көрнөк-жарнакты тартипке келтирүү боюнча рейд өткөрүүдө.

Алсак, Манас жана Ч.Айтматов проспектисин бойлой резиденциясияга чейин (Түндүк көчөсү) жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Рейддин жыйынтыгында 50 жарнама конструкциясы, анын ичинде 8 жарнама тактасы жана 42 баннер демонтаждалган.

Ошондой эле, Ибраимов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан,  кеңейтилген, жалпы аянты 30 чарчы метрди түзгөн күркө билдирүүнүн негизинде  ээси тарабынан  өз ыктыяры менен алынды.

Мындан тышкары, Түштүк-2 кичи районунда жайгашкан, жалпы аянты 40 чарчы метр болгон контейнер мурда берилген билдирүүнүн негизинде ээси тарабынан алынып салынды.

Текшерүүлөрдүн максаты  шаардын архитектуралык, көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана мамлекеттик тилдеги тышкы жарнаманын жана маалыматтын тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, тышкы жарнаманы жайгаштырууну жана иштетүүнү тартипке келтирүү болуп саналат.