Борбор калаада Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасын аткаруу максатында, курулуп жаткан объектилердин айланасындагы убактылуу тосмолордун эстетикалык көрүнүшүн иретке келтирүү иштери уланууда.

Бүгүнкү күнгө чейин, 10 курулуш ээлери убактылуу тосмолордун эстетикалык көрүнүшүн иретке келтиришти:
- Коперник көчөсү, 3 дарегинде курулуп жаткан турак жай;
- Курчатов көчөсүндөгү турак жай;
- Киев көчөсү, 128 дарегиндеги Караван соода борборунун кеңейтилиши;
- Узун Булак көчөсүндөгү 15 кабаттуу турак үй;
- Азия көчөсү, 12, 14 16 дарегиндеги «Аслан Строй» ЖЧКсы куруп жаткан көп кабаттуу үй;
- Абдрахманов көчөсүндөгү 4 кабаттуу үй,  «Нифрит» ЖЧКсы;
- Жаш Гвардия бульвары, 83, 85 дарегинде курулуп жаткан турак жай;
- Жамгерчинов көчөсү, 291/1 дарегиндеги курулуп жаткан турак жай;
- Интергельпо көчөсү, 8/1 дарегинде курулуп жаткан турак жай;
- Манас көчөсү 201/2 дарегинде курулуп жаткан турак-жайлар.

Эске сала кетсек, буга чейин курулган объектилерге убактылуу тосмолорду иретке келтирүү зарылчылыгы тууралуу билдирүүлөр түшкөн.

Белгилей кетсек, Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы муниципалдык администрациялар менен биргеликте мындай мыйзам бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча тынымсыз иш алып барууда.