Көргөзмөнүн ачылышы 20-апрель саат 10:00до Токтогул көчөсү 109 дарегинде жайгашкан Токтогул атындагы адабият жана искусства музейинде өткөрүлөт.


Көргөзмөгө жазуучунун туугандары, жакындары, үйбүлөсү, достору жана жердештери, ошондой эле ЖОЖдордун студенттери чакырылды. «Кыргыз Руху» ансамбли Байтемировдун жазган ырларын аткарат.