Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Бишкек шаарынын жалпы билим берүү  мектептеринин жана гимназияларынын дене тарбия мугалимдери үчүн гандбол боюнча семинар өткөрүлдү. Аны машыктыруучулар Татьяна Шумейко, Наталья Грошева жана Сергей Шкирман өткөрүштү.

Мугалимдер теория жана практика, гандбол оюнунун эрежелери, ошондой эле топко ээлик кылуу техникасынын негиздери менен таанышышты.

Белгилей кетсек, семинардын башкы максаты Бишкек шаарынын жалпы билим берүү мекемелеринде спорттун бул түрүн өнүктүрүү болуп саналат.

Окутуу иш-чарасын Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти жана Гандбол Федерациясы уюштурууда.

Маалымат: гандбол – бул командалык спорт, анын негизги максаты – атаандаштын дарбазасына мүмкүн болушунча көп топ ыргытуу. Футболдон айырмаланып, топ кол менен ойнолот. Ар бир беттешүү 15 мүнөттүк таймдардын ортосунда тыныгуу менен 30 мүнөттүк эки таймдан турат.