Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Матросов көчөсүн бойлой тротуар курууга тоскоол болгон объектилерди буздурууну уланууда.

Иштин жүрүшүндө 2 капиталдык кире бериш топ, 7 кошумча курулуш, 2 жеңил объект демонтаждалган. Ошондой эле, 65 жарнама конструкциясы алынып, көрнөк-жарнак конструкцияларын орнотуу жана муниципалдык жерди уруксатсыз пайдалануу эрежелери бузулгандыгы үчүн 4 протокол түзүлдү.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Шаардык чарба кызматкерлеринин эмгегин баалап, муниципалдык менчикке аяр мамиле кылууңуздарды суранабыз!