Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева Санкт-Петербургдун Өкмөт мүчөсү – Санкт-Петербургдан келген делегацияны жетектеген тышкы байланыштар боюнча Комитеттин төрагасы Евгений Григорьев менен жолугушту.

Делегаттардын катарына Санкт-Петербургдун туризмди өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Нана Гвичия, билим берүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Павел Розов, Саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Дмитрий Мотовилов, Санкт‑Петербургдун тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра, Санкт‑Петербургдун Эмгек жана калкты ишке орноштуруу боюнча комитетинин Санкт‑Петербургдагы «Эмгек ресурстары борбору» мамлекеттик автономиялык мекемесинин директору Алексей Чистяков жана Санкт-Петербургдун тышкы байланыштар боюнча комитетинин КМШ жана РФ региондору башкармалыгынын КМШ өлкөлөрү бөлүмүнүн адиси Изнаур Захаров кирди.

Виктория Мозгачева коноктор менен жылуу учурашып, Бишкек менен Санкт-Петербургдун эки шаары өнөктөш экенин белгиледи. Мэрдин орун басары шаарлар ортосундагы өз ара урматтоо жана ишеним багытында өз ара пайдалуу өнөктөштүк кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын билдирди.

Евгений Григорьев жылуу кабыл алуу жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, мэрди делегациясы менен Санкт-Петербургга келүүгө чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык тармакта тажрыйба алмашуу жана биргелешкен инфраструктуралык жана билим берүү программаларын ишке ашырууда кызматташууну бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгы мэрдин орун басары Виктория Мозгачева делегацияга Кыргыз Республикасына жасаган сапары үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле биргелешкен Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда мындан ары активдүү өз ара аракеттенишүүгө ишенимин билдирди.