Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков №65 мектепке тиешелүү кызматтардын коштоосунда барды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мектеп окуучуларынын жана кызматкерлеринин коопсуздугун чечүү жолдору талкууланды. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде Максатбек Саргазаков көйгөйлөрдү тез арада жоюу үчүн ыйгарым укуктуу кызматтарга тиешелүү тапшырмаларды берди. Район башчысы мектеп окуучуларынын жана кызматкерлеринин коопсуздугунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.