Комиссиянын чечиминин негизинде Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Ленин району боюнча, Чүй проспектисинин бойлой, Фучик көчөсүнөн баштап Манас проспектисине чейин 6 даана «Л» жана «Т» формасындагы көрнөк-жарнак конструкцияларын алды.
Башкармалыктын кызматкерлери жеринде «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жана «Бишкекжарык» МИнин кызматкерлери менен биргеликте иш алып барышты.
Жарнамаларды иретке келтирүү иштери шаардын архитектуралык, көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, Бишкек шаарынын аймагында тышкы жарнак-маалыматтарды жайгаштырууну жана иштетүүнү тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.