Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаковдун  кезектеги жарандарды жеке кабыл алуусу өттү. Бул жумада бизге жарандарыбыздан бир нече кайрылуулар келип түштү.

Район акимине кайрылуулар негизинен социалдык, жер жана экономикалык маселелерге тиешелүү болду.

Бардык кайрылуулар катталып, каралып, сүйлөшүү учурунда түшүндүрмөлөр берилип, калгандары көзөмөлгө алынды.

Эскерте кетсек, жарандарды жеке кабыл алуу турмуштук оор кырдаалга туш болгон же чечилгис көйгөйү бар жарандарга жардам көрсөтүү максатында жүргүзүлөт.

- (0312) 36-01-93 телефону аркылуу алдын ала жазыла аласыз.