Борбор калаада бош калган муниципалдык жер тилкелерине жаңы жашыл аймактарды куруу уланууда.
Биринчи май районунда Нариманов жана Алтай тилкелеринин кесилишинде жаңы сквер курулууда.
Иштин жүрүшү менен райондун акиминин милдетин аткаруучу Райым Жолдошов таанышты.
Участокто «Бишкек жашыл чарба» МИнин 20 кызматкери иштеп жатат, жашыл аянтчанын аянты 0,8 га түзөт 1150 чарчы метр жер таман таш төшөөгө даярдалууда, анын ичинен 600 чарчы метри коюлду, учурда көчөлөрдү жарыктандыруучу мамылар орнотулуп, отургучтар коюлууда, мындан ары жашылдандыруу үчүн газон чөптүн үрөнүн себүүгө топурак даярдалууда. Жакында сугат лотоктору алынып келинет.
Ишти сентябрдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Белгилей кетсек, буга чейин кароосуз калган бош жерде эски балдар аянтчасы демонтаждалган жана бул жер көп чогулгандардын сүйүктүү жери катары эсептелген.