Урматтуу шаардыктар! Сиздер үчүн жакшы кабарыбыз бар! Сиз коомдук транспортто ыңгайлуу накталай эмес төлөм жүргүзө аласыз!

Контактсыз банк карталары: Кыргызстандын бардык банктарынын контактсыз VISA жана ЭЛКАРТ карталарын колдонуңуз. Жөн гана картаны транспорттогу валидаторго такап,  төлөм жүргүзүңүз.

QR сканерлөө: QR сканерин MBANK, MegaPay, O!Деньги, Balance тиркемелеринде же Tулпар тиркемесинде колдонуңуз. Транспорттогу QR кодун сканерлеңиз, төлөм жүргүзүңүз!

NFC виртуалдык картасы: Эгер сизде NFC технологиясы бар виртуалдык картаңыз болсо, смартфонуңузду валилаторго кармап туруңуз, муну менен жол киреңиз төлөнөт!

Транспорттук кодду киргизүү: Сиз ошондой эле Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизип, ыңгайлуу ыкма менен жол акыны төлөй аласыз.

Эсиңизде болсун, сизде Тулпар картасы жок болсо да, бул сизге бекер жүрүүгө укук бербейт. Жогоруда көрсөтүлгөн ыкмалардын бирин колдонуп, жолго чыгыңыз!

Сизге ыңгайлуу төлөм ыкмасын тандап, ыңгайлуу жолуңузду улаңыз.