№70 мектеп-гимназиясында билим берүү департаментинин жана шаардык милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте «Жол эрежесин сактайлы» деген иш-чара өттү.
Мугалимдер жана ИИМдин Патрулдук кызматынын жаңы бөлүмүнүн кызматкери Айбек Момункулов балдарга жолдо өзүн туура алып жүрүү эрежелерин түшүндүрдү. Андан соң, “Жаш инспектор” сынагынын былтыркы жеңүүчүлөрү №54 мектептин окуучулары ИИМдин Патрулдук кызматынын жаңы бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жол кыймылын жөнгө салышты, ошондой эле “Айдоочуларга кат” жана китепчелерди таратуу менен жол эрежесин эскертишти.
Белгилей кетсек, борбор калаадагы бардык мектептерде “Жол кыймылынын эрежелеринин айлыгы” өтүп, мындай иш-чаралар бекитилген графикке ылайык өтүүдө.