Урматтуу шаардыктар, баарыбызга белгилүү болгон “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы   борбордун эстетикалык көрүнүшүн көзөмөлдөгөн Бишкек шаарынын негизги кызматы.

Ишкана борбордун 832,25 га аянтын жашылдандырат, анын ичинде: 12 парк, 160 көчө, 50 коомдук бакча, 2 бульвар. Жалпы жонунан бул жерлерде дарактардын 90дон ашык түрү, бадалдардын 32 түрү, гүлдөрдүн 68 түрү өсөт.

Бүгүнкү күндө шаардын жашылдандыруучулары 4317,85 гектар аянтка арыктарды сугаруу иштерин жүргүзүштү, ал эми суу менен камсыздоо системасы менен күн сайын шаардын 115 гектар жери сугарылат.

Ошондой эле, быйыл жайда арык суунун тартыштыгынан улам, «Бишкекжашылчарба»   ишканасы   бардык атайын транспортун 8 бирдигин жана «Тазалык» ишканасынан 20дан ашык атайын техникаларын автоматтык түрдө сугарууга пайдаланышкан.

Бул техника менен жашылжандыруучулар күнүгө 8 гектар жерди 6 рейс менен сугарышты.  

2023-жылдын башынан бери Бишкек шаарынын аймагында “Бишкекжашылчарба” ишканасы:

- жазы жалбырактуу дарактардын көчөттөрүнөн - 10149 даана.
- ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрүөн -  4856 даана.
- бадалдардын көчөттөрүнөн- 3286 даана.
- көчөттөрдү отургузуу – 92 100 даана.
- роза гүлдөрүнөн - 21601 даана
- көк майсаң көчөттөрүнөн - 10773 даана.
- бир жылдык гүлдөрдүн көчөттөрүнөн   - 1515531 даана отургузушту.

Мындан тышкары, 2023-жылы “Жашыл Мурас” программасынын алкагында жалпысынан 1301 көчөттү отургузуу иштери башталган.

Урматтуу шаардыктар! «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы өз ишин кадимки режимде улантууда. Ошондой эле  сиздерден  шаардын мүлкүнө жана анын жашыл мейкиндигине аяр мамиле кылууңуздарды суранат.