Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков таң эрте райондун борбордук көчөлөрүнүн боюндагы тротуарлар реконструкцияланып жаткан аймакты кыдырып чыкты. Ошондой эле, кыдыруу учурунда тротуарларды курууга тоскоол болгон объектилерге көңүл буруп, үй ээлери менен демонтаждоо зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Андан кийин район башчысы Чүй проспектиси менен 7-апрель көчөсүнүн кесилишиндеги жолду кеңейтүү жана аялдамалар комплексин реконструкциялоо иштерин текшерди. Ал, бул долбоорлорду алдыга жылдыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, бардык мыйзам бузууларды оңдоп, жумуштарды өз убагында бүтүрүү боюнча кызматтарга тиешелүү тапшырмаларды берди.
Андан соң Максатбек Саргазаков Жумабек көчөсү менен кесилишкен Ибраимов көчөсүндөгү сквердин курулуш иштери менен таанышты. Ал иштин ар бир деталына жана сапатына, ошондой эле долбоордун белгиленген мөөнөтүнө өзгөчө көңүл бурду.
Жыйынтыгында район башчысы тиешелүү кызматтарга бардык аныкталган мыйзам бузууларды жоюп, белгиленген мөөнөттө ишти бүткөрүү милдетин койду.