Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы 22-сентябрдан 6-октябрга чейин Кожомбердиев көчөсүнүн “50 лет Победы” көчөсүнөн Чодронов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла турганын билдирди.

Аталган участок магистралдык канализация тармактарын курууга байланыштуу жабылат.

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жарандарды алдын ала каттамдарын ойлонуп көрүүнү суранат.