Ленин райондук администрациясынын жыйындар залында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолугушуу  өттү. Анда акимдин социалдык маселелер боюнча орун басары Айзада Жунусова,  Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева жана  Ленин райондук билим берүү борборунун директору Таалайгүл Темирканова катышты.

Жыйында борбор калаанын жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акчалай жана башка жыйымдарды алууга тыюу салуу боюнча маселелер талкууланып, Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоону уюштуруу боюнча тапшырмалар каралды.

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерине  мектепке чейинки билим берүү уюмдарында коопсуздукту   уюштуруу боюнча тиркемеге ылайык, тааныштыруу жана бекитүү тапшырылды. Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамак-аштарды сактоо жана даярдоону көзөмөлгө алуу милдеттендирилди.