Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азиз Садырбековдун төрагалыгы алдында “Мыкты короо”, “Мыкты квартал” кароо-сынагынын экинчи этабын өткөрүү боюнча комиссиянын жыйыны өттү.
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациялары тарабынан административдик райондор боюнча өткөрүлгөн сынактын биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин директору Курманбек Молдокулов маалымат берди.
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө “Мыкты короо”, “Мыкты квартал” сынагынын экинчи этабынын жеңүүчүлөрүн тандоо боюнча комиссиянын баруу графиги бекитилди.
Сынактын экинчи этабынын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө төмөндөгүдөй сыйлыктар ыйгарылат.
Эскерте кетсек, “Мыкты короо” сынагы 1991-жылга чейин пайдаланууга берилген үйлөр жана 1991-жылдан кийин пайдаланууга берилген үйлөр эки номинация боюнча өткөрүлөт. «Мыкты короо» сынагына турак жай ээлеринин шериктештиктери, турак жай-курулуш кооперативдери жана Бишкек шаарынын үй комитеттери катышууда. Бишкек шаарынын кварталдык комитеттери “Мыкты квартал” сынагына катышууда.
“Мыкты короо” сынагынын байге фонду 460 миң сомду түзүп, төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- 1-орун – 100 миң сом, орундардын саны – 2;
- 2-орун – 80 миң сом, орундардын саны – 2;
- 3-орун – 50 миң сом, орундардын саны – 2.
“Мыкты квартал” сынагынын байге фонду 300 миң сомду түзүп, төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- 1-орун – 130 миң сом, орундардын саны – 1;
- 2-орун – 100 миң сом, орундардын саны – 1;
- 3-орун – 70 миң сом, орундардын саны – 1.
Урматтуу шаар тургундары! Сынактар Бишкек шаарынын тургундарынын демилгелерин колдоо жана шаарды санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана өнүктүрүү боюнча иштерди уюштурууга багытталган муниципалитеттин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында өткөрүлөт.