Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев муниципалдык администрациялардын, аймактык башкармалыктардын, ошондой эле шаардык кызматтардын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Негизги маселе катары "Бишкекбашкыархитектура" МИнин  кызматкерлери тарабынан кирүү топторун жана маалымат конструкцияларын– көрнөк такталарды  чыккан алдын ала иштелип чыккан  долбоорго ылайык келтирүү каралды.

Жыйынга ошондой эле жетекчинин орун басары Марат Жороев, Жарнама бөлүмүнүн башчысы Алмаз Каримов жана Бишкек шаарынын райондорунун башкы архитекторлору катышты. Урмат Карыбаев кызматтарды жигердүү иш алып барууга, кире бериш топторго гана эмес, жогорку кабаттардын ээлерине түшүндүрүү жүргүзүүгө  өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Жолугушуунун катышуучуларына коңшу өлкөлөрдө дизайн коддорун киргизүүнүн мисалдары,  сүрөттөр анын алдында жана кийин кандай болору көрсөтүлдү.  Бишкектин учурдагы абалы да белгиленди.

Жыйындын жыйынтыгында 1-октябрда чогулуп, аткарылган иштерди талкуулоо чечими кабыл алынды.