Учурда Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти ««Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жана КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте 3.27 жол белгисин орнотууга киришти. Жол белгиси чыгыштан батышты көздөй эки багыт боюнча, велосипед тилкесин белгилөө үчүн Ибраимов көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин түндүк тарабына  орнотулат.

Бул долбоорду Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттиги «Пешком» коомдук фонду менен биргеликте иштеп чыккан.

Урматтуу шаар тургундары жана коноктору, жол кыймылынын эрежелери сакталбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык унаалар айыпка тартылат, тыюу салынган жол белгилерине кылдаттык менен көз салууну суранабыз.