"Ала-Тоо" конушунун элинин суранычы боюнча иш-чараларды өткөрүү жана социалдык колдоо көрсөтүү максатында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын м.у.а. Жылдызбек Абдраимов жана Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы Жыргалбек Шакиев үч боз үй белек катары тартуулап, эл менен жолугушушту. Жеринде көйгөйлүү маселелер жана суроо талаптар менен таанышышты.
Тургундар тарабынан мектепке кошумча имарат куруу, канализация түтүктөрүн өткөрүү, тазалык маселелерин чечип берүү өтүнүчү болду.
Жылдызбек Абдраимов өз сөзүндө көтөрүлгөн маселелер Ленин администрациялык районунун башчысы Жыргалбек Шакиев менен биргеликте чечилерин билдирди.
Өз кезегинде жашоочулар ыраазычылык билдиришти.