Борбор калаада Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасы менен Кулатов, Матросов көчөлөрү жана Табольский туюк көчөсүндөгү тротуарларды жана жолдорду курууга тоскоолдук жараткан объектилерди демонтаждоо иштери жүрүп жатат.
Жеринде «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана подряддык компания иштеп жатат.
Иштин жүрүшүндө 150 чарчы метр темир тосмолор жана үч туруктуу кире бериш конструкциясы өз ыктыяры менен демонтаждалган. Ошондой эле, тротуар курууга тоскоол болгон 30дан ашык жеңил объектилер жана 65тен ашык жарнама конструкциялары алынды.
Мындан тышкары уруксат берүүчү документтери жок жарнама конструкцияларын орноткондорго 4 протокол түзүлдү.
Эскерте кетсек, буга чейин менчик ээлерине муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотулган курулуштардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерин бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулуштардан бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген.