Таң эрте борбор калаанын Биринчи май районунун башчысынын милдетин аткаруучу Райым Жолдошов №12 жана 13-МАБдын жетекчилери менен биргеликте Манас проспектин Ахунбаев көчөсүнөн Чүй проспектине жана андан ары борбордук «Ала-Тоо» аянтына чейин эртең мененки текшерүү иштерин жүргүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө көчөлөрдүн санитардык абалына, имараттардын фасаддарына, куурап калган бак-дарактарды бутоого, газондордун жана жашыл аянтчалардын абалына, чарба жүргүзүүчү субъектилер тарабынан тышкы жарнаманы жайгаштыруу эрежелеринин сакталышына жана долбоорлоонун бирдиктүү дизайнына, ошондой эле кире бериш топтордун, тепкичтердин жайгашканына, чектеш аймакты жашылдандырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук кызматтарга аткаруу үчүн тапшырмалардын протоколу түзүлдү.
Бул багыттагы текшерүүлөр үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.