Тажрыйба алмашуу жана мындан аркы келечектүү кызматташтык максатында борбор калаада Кытайдын Хэнань провинциясынын Чжэнчжоу жана Бишкек шаарларынын башкы жашылдандыруучуларынын жолугушуусу болуп өттү .

Кытайлык кесиптештерин "Бишкекзеленхоз" муниципалдык ишканасынын директору Н.Т Доулбеков жана башкы агроном Жумалиев Ж .Б. тосуп алышты.

Тараптар парктарды жашылдандыруунун жаңы технологияларын колдонуу, жаңы идеяларды илгерилетүү, экологиялык таза шаардын концепциясын ишке ашыруу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Анын ичинде шаардын ландшафттык жана багбанчылык индустриясын өнүктүрүү жана кеңейтүү, жаңы ландшафттык жашылдандыруу системасын түзүү.

Анткени, биргелешкен ийгиликтерге жетишүү бак фронтунун кызматкерлеринин зор санынын аракетинен ажырагыс.

Жашылдандыруучулар Бишкек менен Чжэнчжоунун эки шаарынын келечектүү кызматташтыгына чын дилден көңүл бурушат.